super.kg logo

Акушер-гинеколог: "Биздин чакан борбордон күнүнө жок эле дегенде бир бейтап боюнан алдыртат"

 

“Мага боюнан алдыртуу үчүн жаш кыздар көп кайрылат. Бирок аларга туура кеңеш берип, бир нече үй-бүлөнү сактап калгам” деген акушер-гинеколог, саламаттыкты сактоонун отличниги, жогорку категориядагы дарыгер Чынара Кушубакова учурда боюнан алдыргандар көп экенин айтты. Алгач мамлекеттик ооруканалардын биринде эмгектенсе, 6 жылдан бери өзү түптөгөн жеке гинекологиялык борбордо иштейт. Аталган жайга күнүнө 10-15 кыз-келин, аялдар дартына даба издеп кайрылат. Гинеколог өзүнүн тажрыйбасындагы көп кездешкен жана сейрек кездешкен оорулар тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Биздин чакан борбор гинекологиялык кызматтардын бардык түрүн жасайт. Тактап айтканда, аялдардын жыныстык ооруларын аныктап, дары-дармектин жардамы менен, лазердик жол менен дарылап келет. 23 жылдык тажрыйбамда көптөгөн ымыркайларга киндик эне болдум. Өкүнүчтүүсү жок эле дегенде күнүнө бир бейтап боюнан алдыртуу үчүн кайрылат. Албетте, бойдон түшүрүүнүн арты жатын моюнчасынын эрозиясына жана башка түрдүү ооруларга алып келерин айтабыз. Бирок учурда дары-дармектин жардамы аркылуу жасалма жол менен бойдон түшүрүү коопсуз боло баштады", - дейт ал.

"Кардарлардын көпчүлүгү эң кеңири тараган жатын моюнчасынын эрозиясы, киста, тукумсуздук, климакс менен жабыркагандар. Жатын моюнчасынын жарасына ар кандай курактагы кыз-келиндер чалдыгышы мүмкүн. Бирок төрөгөн же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда гана эмес жыныстык катнашка барбаган кыздар арасында дагы көп кездешүүдө. Жатын моюнчасындагы жараны кольпоскоптун же видеокольпоскоптун жардамы менен карап чыгууга болот. Эгерде аны убагында дарылабаса, аялдын тукумсуздугуна, жатындын залалдуу шишигинин пайда болушуна, ракка алып келет", - деп кошумчалады.

"Тажрыйбамдагы сейрек кездешкен көрүнүштөрдүн бири - жасалма жол менен бойго бүтүрүү. Учурда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөр жасалма жол менен бойго бүтүрүп жатышат. Биздин медицина дагы бул ыкманы өздөштүрүп калды. Бирок тоңдурулган спермалар аялдын организмине ылайыкташып жашап кетишине 100 пайыз кепилдик жок. Мындан тышкары “жатыным кеңейип кетти, калыбына келтирип бериңиз” деп кайрылгандар дагы бар. Албетте, мындай кызматтардын бардыгын көрсөтүп келебиз", - дейт Кушубакова.

Чынара Кушубакованын чакан борбору төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • Ооруну аныктоо, дары-дармектин жардамы менен аборт жасатуу, лазердик дарылоо, тукумсуздук, видеокольпоскопия, кош бойлуулукту көзөмөлдөө, жатын моюнчасынын патологиясы, гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүн дарылоо, жатын көңдөйүн, жатын моюнчасын радиотолкундуу үн менен дарылоо.

Дареги: Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, №6/1

Байланыш номерлери: (0772) 50 62 76, (0552) 50 62 76.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
27.07.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ишинерге ийгилик!!! А дейбиз бу дейбиз булардын дагы иши кыйын,бирок чынында копчулук учурда боюнан алдыртпай коп семьяны сактап калышат отказ кылса багып ала тургандарды таап
28.07.2018. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар калпеле отказ кылдырабыз деп жатат. Отказ кылса акча тушбой калат да.
28.07.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аборт бул киши өлтүрүү. Б.а калыптанып келе жаткан баланы бөлүктөргө бөлүп өлтүрүү. Бул чоң күнөө. Дарылаганыңар жакшы бирок эненин ден-соолугуна олуттуу коркунуч келбесе аборт кылбай эле койгон туура.
28.07.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бойго бүтсө төрөш керек болбосо жатбада
28.07.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Рахмат рекламанарга сөз жок просто силерге....
28.07.2018. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аборт кылбай эле бироосун мага берсинчи,бополоп багып алат элем,биз 5 жылдан бери баланын жытына зар болуп келе жатабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: