super.kg logo

"Кубанычбек Кулматовдун Орус жарандыгы жок экендиги аныкталды" деди жактоочусу

 

Кубанычбек Кулматовдун Орус жарандыгы жок экендиги аныкталганын SUPER.KGге жактоочусу Сергей Слесарев 30-июлда кабарлады. Мындан улам соттон анын үй камагына чыгаруусун талап кыла турганын белгиледи.

"Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинен менин атыма расмий кат келди. Катта Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун Орус жарандыгы жок экендиги жазылган. Бул маалыматты прокуратура кызматкерлери менен тергөөчүлөр деле билген, бирок атайын жаап-жашырып келишет. Анткени Кулматовдун баш коргоо чарасын кароодо орус жарандыгына байланыштуу маселе анын камакта калышына себеп болгон. Эми биз анын үй камагына чыгарылышын талап кылабыз", - деди жактоочу.

Эске салсак, Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук соттун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.

Жактоочусу Сергей Слесарев аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко жана Жогорку Сотко кайрылган. Бирок аталган жогорку инстанциядагы соттор дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: