Ысык-Көлдө таксист Орусиянын жаранын 7 жашар кызы менен кошо сабаган
Ысык-Көлдө Орусиянын жараны 7 жаштагы кызы менен кошо жергиликтүү таксисттен сабалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
"29-июлда Санкт-Петербург шаарынын С.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 28-июль күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Орус жараны 7 жаштагы кызы менен Бостери айылынан Чолпон-Ата шаарына баруу үчүн таксиге түшкөн. "Жолду катар таксинин айдоочусу башка дагы жүргүнчүлөрдү алып жатты. Бирок мен шашып жатканымды айттым. Бирок ал орто жолдо унааны токтотуп мени жана кызымды сабады. Таксистке жолдо жүргөн жарандар да жардамдашты", - деп арызда айткан.
Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүүнү издөө иштери улантылып жатат.
кошулду

Кээ бир таксисттер ушундай, жолдон попуткаларды да ала беришет.
Орустун баарын жаман дебейм, арасында өтө жамандарын да көрдүм.
Эгер ошондой болсо, анда таксист куноолуу, КЫРГЫЗ жараны болсо да!