super.kg logo

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун апасы: "Баламдын күнөөсү жок. Ал жаман иш кылган эмес"

 
Албек Ибраимовдун апасы

"Баламдын күнөөсү жок, ал жаман иш кылган эмес" деп бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун апасы билдирди.

Ибраимовдун апасынын айтымында, ага коюлган айып чындыкка дал келбейт.

"Балама жок жерден эле айып коюп жатышат. Мен аны камалмак түгүл милиция кармабайт деп ойлочумун. Биздин үнүбүздү эч ким укпай жатат. Баламдын ак экенине ишенем", - деди Ибраимовдун апасы.

Бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп шаардык сотко кайрылган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калтырган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
30.07.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эне ыйлабанызчы, бирок чындыкты айт уулум деп козуно тике карап суроо берсениз, эгер сизди энем деп сыйласа уурулук кылганын айтат анан чокусуна бир коюнуз турган жеринен.
30.07.2018. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошончо байлыкты алып атканда,бир айыл элдин жерин ээлеп,сатып алганда,Балам бул кимдин ырыскысы,кайдан алып атасын деп сурап койбойт белениз!
30.07.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карага да баласын аппагым дейт.
30.07.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уулунуздун куноосу болсо жооп берсин!Ал акчалар элдин ырыскысы!
30.07.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апанын ден-соолугуна зыян болуп атат. Апаны ыйлатпагылачы. Сураныч! Камалганын угузбай эле, камап койсо болмок экен. Мындан кийин, ким уурулук кылса, Эненерди, уй-булоонорду ойлогула. Силер учун азап тартып атышат. Алкымды тыйгыла! Беш колду салбагыла! Ак эмгек менен эн сонун, бактылуу кундор отот.
30.07.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру болбосо ушунча байлыкты каяктан табат.Канчалагандар ичпей жебей уй эмес жерге жетпей атышат.Мурда айтыш керек эле элдин ырыскысын тонобо деп
30.07.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
А Ибраимовдун куноосу жок таза болсо бизге окшогон карапайым калк периште болуп калабызбы?
30.07.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилерге жаны тренд.Ким камалса апасы атасын ыйлатып на жалость давить этмейго. Уяты жоктор. Болбосо ата эмнеси баш болуп Турция, Египетте дем алып сайрандап журушсо керек эле учурунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: