super.kg logo

39 миңге жакын балага сүйүнчү пул берилди

 

Февраль айынан бери 39 миңге жакын балага 4 миң сомдон сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан 30-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, буга мамлекеттик бюджеттен 158 миллион 7 миң сом бөлүнгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, август айында балага сүйүнчү пул берүү төлөмдөрү боюнча аймактарда атайын мониторинг жүргүзүлүп, бул багыттагы көйгөйлөр аныкталмакчы. Ошондой эле төлөмдөрдүн азыркы жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизмекчи.

Быйылкы жылдын февраль айында министрлик Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте бирдиктүү терезенин негизинде жарандардын арыздарын кабыл алуу үчүн пилоттук долбоорду ишке киргизген. Бул долбоордун алкагында жарандар сүйүнчү пул алуу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана маалымат күркөлөрүнө кайрылышмак.

Эскерте кетсек, жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирип, февраль айынан баштап бериле баштаган. Сүйүнчү пул алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат жана өлкө аймагында туруктуу жашаган жарандар гана алууга укуктуу. Андан сырткары ата-энелер сүйүнчү пулду жаңы төрөлгөн ымыркайы 6 айлык болгонго чейин гана ала алышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
30.07.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйунчу пул алыш үчүн 2 айдын ичинде аласың 4000 сом ошол суйунчу акчаны больницадан чыканда еле бериш керек өзү эч кандай мониторинг жургузгондун кереги жок. Бербестин ашы пышпастан болуп жатат.суйунчу акча алыш үчүн банка барып счёт ачтырасын 100 сомго 2 ай убара болосуң жарымы еле расход болот не кереги бар
30.07.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nurmat8921,ошо 4000 мин берсе да жакпайт озу бизге эмне керек конечно ошондой болот счет ачканга акча албайт сен эле алданып берип койгон эмес болсон ушуга да кудайга шугур кылалы бербей койсо колундан эмне келмек
Muratmipa түзөттү 2018-07-30 17:43:34
30.07.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
156 млн уже берилип бутуптур 3 млн сомчо калыптыр 2чи квартал эми еле башталды го акча аз болунуптур
30.07.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйунчу пулду любой банктан алса болову ким билет?
30.07.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzirek91,кайсы банктан счет ачтырсан ошол банктан аласын
30.07.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бардык банк алса болот көбүнчө ФинансКредитБанктан алышып жатат
30.07.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйунчу пулду берип жатабыз деп айткандарынар менен анын толом жолдорун женилдетпейсинерби!!!!
30.07.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
33SUUN,кандай толомдору бар экен эч кандай толому жок мен бир сом да берген жокмун 4000 сом алдым
30.07.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз эч кандай убара болгон жокпуз.Документ тапшырганга 50 сом кетти. Айыл банктан счет ачтырдык суйунчу пулга деп,бекер эле счет ачат экен. 1 айга жетпей келип калды акча.
30.07.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
adila_suimonkul,мен ошол 50 сом да кетирген жокмун бут баары бекер эле жасадым
30.07.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Апрелдин 10 тапшырдым 100 сом кетти бирок акчадан дайын жок !Банк чалат деген жок бирок
30.07.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ayida,чалбайт озун барып ала бересин 2 айда уже келет
30.07.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимге барам кайра дагы?
30.07.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ayida,банкка барып аласын тушкон давно
30.07.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мендагы эч кандай акча кетирген жокмун.счет банктан бекер эле ачат.Пригродный айылынан алдым учетум ушул жакта эле.Учурдан пайдаланып Окмотко рахмат айтам 200шт памперс 1 мешок ун.лялкама эки сыйра кийим кылып алдым.чон рахмат бир аз окмотто жылыш бар.Рахмат чооон.жоктон кору жогору.эч кандай акча кетпейт.учётун кайсыл жерде болсо ошол жердин соцфондуна барасын озун паспортун лялкандын метиркеси и банктын счетун эсебинин номери керек.ошону тапшырасын и все.даже 20кундо эле тушуп атат азыр.
30.07.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Айыл банктан счет ачкам.
30.07.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин 2 айыбыз уже отуп кетти. Туулгандыгы тууралуу куболук келбей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: