super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Электр тармагы: "Чоң Алайда жарык күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүп жатат"

 

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Ош облусунун Чоң-Алай районунда жарык күнүнө 8-9 сааттан өчүрүлүп жатат" деген билдирүүсүн окурман жөнөткөн.

Анда окурман оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жарык өчүп жатканын айтып, "жыл сайын эле оңдоп-түзөө иштери боло береби?" деген суроо салган.

Аталган маселе боюнча Чоң-Алай райондук электр тармактарынын жетекчиси Нурлан Умаровго кайрылганыбызда, төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Жыл сайын жайында күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү үчүн райондо электр тармактарын оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүү болуп турат. Бул маалда жарык берүү үзгүлтүккө учурайт. Оңдоо иштери июль айында башталган. Күн жылуу кезде электр тармактарында болуп калчу ар кандай бузулууларды алдын алып, кыш мезгилине даярдануу жүрөт", - дейт Умаров.

Ошондой эле жетекчи жергиликтүү тургундарды бул маселени түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура түшүнүүгө аракет кылып эле жатабыз. Кышкыга даярдык дегениңер менен былтыркы кышта деле ушундай көрүнүш болдуго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: