super.kg logo

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 42 жаштагы юрист Александр Стручалинди издөө иши убактылуу токтотулду

 

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 42 жаштагы юрист Александр Стручалинди издөө иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады. Анын айтымында, издөө ишин токтотуу Стручалиндин жакындарынын демилгеси менен болду.

"Александр Стручалинди издеп табууга күнүнө бир же эки куткаруу тобу тартылып жатты. Бирок натыйжа болбогондуктан жакындары куткаруу тобуна ыраазычылык билдирип, издөөнү убактылуу токтотууну демилгелешти. Эгерде кайрадан кайрылышкан болсо, издөө улантылат", - деди Шерипова.

Эскерте кетсек, 23-июль күнү Жети-Өгүз районундагы “Натали” пансионатында эс алып жүргөн 42 жаштагы Александр Стручалин аттуу адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери башталган.

Маалым болгондой, Стручалин юридикалык кызматта юрист болуп иштеп, азыркы экономика министри Олег Панкратов 2016-жылы вице-премьер-министр болуп турганда анын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген. Айрым маалыматтарга караганда, Стручалин сууга келинчегинин курбусун куткарам деп жатып чөгүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.07.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун да башка окуялар менен байланышы барбы
30.07.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apreldi chukulabay uwuga okwogon eldin koygoyun chechken temalardy kozgosonor bolo aprel chechilgisi kelse bat ele chechilet baary achyk ele korunup turbayby kim kunoluu ekenin. kalp ele kochodon biro nu koro kalsanar ele esinerge tuwot bir eki ay kiykyryp dagy esinerden chygat. baribir tolk jok
30.07.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Издоо бекер болсо тапмайынча издете беришмек.Айла жоктон акча жоктон аргасыз токтотууга туура келди да.Суучулдардын сууга тушуп чыкканына канча деген акы алышат.
31.07.2018. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil706070,кечөөгүнү эле окудум элем, акча төлөнбөйт деп, ушул эле супер.кж дан
30.07.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суучулдар адамдарды чоктуруп жатышабы деген ой келет экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: