Тажикстанда туристтерге болгон кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды



Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын Дангара аймагында 29-июль күнү 4 туристтин өмүрүн алган жол кырсыгын "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. Бул тууралуу экстремисттердин маалыматтык активдүүлүгүнө байкоо жүргүзгөн "SITE Intelligence Group" компаниясы маалымдады.
Эскерте кетсек, 29-июль күнү белгисиз айдоочу 7 адамдан турган туристтердин тобун унаасы менен сүзүп кеткен. 3 турист окуя болгон жерден көз жумса, дагы бирөө ооруканада каза болгон. Калган туристтер жеңил жаракаттарды алышкан. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Окуя болгон жерде тартып алынган видеодо туристтерди сүзгөн унаа кайра бурулуп келип аларды экинчи ирет сүзгөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле кылмышкерлер унаадан түшүп туристтерге карата ок атуучу курал жана бычак колдонгону айтылууда. Мындан улам укук коргоо органдары бул кырсыкты алдын ала уюштурулган кылмыш деп атап, издөө иштерин жарыялаган.
Натыйжада бул кылмышка шектүүлөрдүн бешөө кармоо учурунда өлтүрүлүп, үчөө камакка алынган. Камакка алынган жарандар 18 жаштагы Сафаров Зафаржон, 21 жаштагы Юсуфов Жаъфариддин жана 19 жаштагы Мажидов Асомуддин экени аныкталган.
Тажикстанда туристтерге болгон кол салуу видеого түшүп калган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
monster_high_98

Медиа-портал
31.07.2018. 11:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео сапаты начар экен, дагы барып сузгону билинбейт дагы
filis

31.07.2018. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекет тез арада чара корбосо исламисттер Ыссык колдогу туристтерге кол салбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ушунун баары диндин кесепети. Таджикстан тездик менен исламдашып бараткан олко. Биздин мечиттерде сакалчандар дин сонун дей беришет. А бирок ошол жалган кооз диний идеялар акырындап жаштарды сокур фанатизмге туртуп жатканын билишпейт. Бизге кереги жок исламдашып, динчил мамлекетке айланып.
Zhiidegul_Abdinazarova

01.08.2018. 08:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filis,кечиресиз саламатсызбы? Сиздин бул айткандарынызга таптакыр кошула албайм. Ислам дининде эч кимге зыян алып келбейт. Болгону адамдар озубуз туура эмес агымдарга кирип кетишибиз мумкун. Эгерде туура агымда болсок анда дин бизди эн бактылуу адамдардан кылат. Кудайга ишениниз.
nuri1

31.07.2018. 13:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дин менен эч нерсени коро албайбыз. Дин аркылуу озубузду озубуз алдап, арабтар ойлоп тапкан кооз идеяларды элестетип, алданып, убакыт откоруп журо беребиз. Исламдашкан динчил мамлекеттердин дин менен жыргап кеткенин коро элекпиз. Нефтиси коп арабтар эле жыргап журушот. АКШга нефтисин сатышып.
nuri1 түзөттү 2018-07-31 13:11:56
Zhiidegul_Abdinazarova

01.08.2018. 08:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,кечиресиз саламатсызбы? Мен сизге да кошула албайм. Мындай дегениниз таптакыр туура эмес
yrmat88

31.07.2018. 13:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр бизде Сирияга барып келген фанаттар арабызда эркин эле басып журушот. Каалагандай мечиттерге кирип чыгып. Эч ким билбейт алар кимдин мээсин айлантып журушконун. Азыр молдолорундун кооз жомокторун угуп отурсан эмне болуп башын айланып калганын билбей каласын. Эмне болуп сакалчан адамга айланып, арабчыл болуп калганынды озун тушунбой каласын.
i1urp

31.07.2018. 13:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин сакалчандар чыдамсыздык менен кутуп журушот, качан кыргыздар ислам мамлекетине айланабыз - деп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.