Жогорку Сотто Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат
Бүгүн, 31-июлда Жогорку Сотто Бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттук отурум ачык өтүүдө, бирок фото, видео тартканга тыюу салынды.
Буга чейин 5-июнда Биринчи Май райондук соту Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, 28-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Андан соң ушул эле сот Кулматовду камакта калтырып, мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.