super.kg logo

Чүйдө 6 айдан бери жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жүргөн 2 жигит кармалды

 

Чүй облусунда 6 айдан бери жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жүргөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 10-май күнү ИИМге жеке ишкер кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар Токмок шаарындагы дүкөнүнө келип, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп тааныштырып, ур-токмокко алабыз деп коркутуп, 2017-жылдын күз мезгилинен бери опузалап акча талап кылып келишкен.

"Жаранды опузалап акча талап кылып жүргөн адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун тургундары - 1987-жылы төрөлгөн У.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон,1993-жылы төрөлгөн Б.М. камакка алынган. Кылмышка шектүүлөр ИИМде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары катталган", - деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөр СИЗО-1ге камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.07.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай заман болуп кетти, баш которсон же налоговою келет же черныйы келет, черныйлар неге айттын деп кысым кылбаса болду эми
31.07.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дубайда 100 сом учун 10 жыл камалат экен буларды жок эле дегенде 20 жылдан камаш керек ошондо ойлонуп черныйлык кылсалар керек
31.07.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу чара коруш керек ушундайларга.Булар бироону коркутуп акча талап кылып конгондор болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: