super.kg logo

ЭЛДИК ВИДЕО: "Унаа жолун салабыз деп тротуардын баарын талкалашты. Жөө адамдардын коопсуздугу үчүн ким жооп берет?" дейт окурман

 

"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Өмүргө коркунуч туудурган жол" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.

Аталган видео Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында тартылган. Анда жергиликтүү жашоочу, Фейсбук социалдык тармагынан колдонуучусу Света Байтикова унаа жолу салынып жаткан учурда жолдун четиндеги бак-дарактар кыйылып, жөө адамдар баскан тротуарлар талкаланганын жарыялаган. Интернет колдонуучу азыркы тапта адамдар унаа өткөн жол менен басып жатканын, унаа кыймылы көп болгон жолдо басуу адамдардын жашоосуна кооптуу экенин кошумчалаган.

"Жакында окуу жылы башталат, балдар мектепке барат. Алар кантип унаа өткөн жол менен басышат? Бул аларды түз эле өлүмгө түрткөндүк болуп жатпайбы", - дейт Света Байтикова.

Ошондой эле ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тротуар маселеси боюнча унаа жолун курган компанияга кайрылганда алар тротуарды оңдоо үчүн аларга акча каражат бөлүнбөгөнүн билдиришкен.






Өмургө коркунуч туудурган жол

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: