Алмазбек Атамбаев: “Айыл мектептериндеги бүтүрүүчүлөр жакшы көрсөткүч көрсөтө албагандыгы өкүндүрөт”
“Шаардагы мектептерден алтын сертификаттарга ээ болгондор көп экен, айыл мектептеринен бүтүрүүчүлөр жакшы көрсөткүч көрсөтө албагандыгы мени өкүндүрөт”,- деди бүгүн, 28-июнда президент Алмазбек Атамбаев. Айтымында, айыл мектептерине көңүл буруп, ал жактарды өнүктүрүү керек. “Кыргызстанды солгундатып, абалды курчутууга аракет кылгандар болуп жатат. Мен буга жол бербейм, мындай эч качан болбойт. Биз күчтүү мамлекетти кура алабыз. Кыргыз тилин билбегендерге мамлекеттик тилди үйрөнгүлө деп айтар элем”,- деди мамлекет башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

