super.kg logo

Баткен районунда табылган баланын туугандары табылып, Тажикстанга алып кетишти

 

Баткен районунан табылган баланын туугандары табылды. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаш өспүрүм Тажикстандын 11 жаштагы Нурбек Гапаров аттуу тургуну экендиги белгилүү болду.

"11 жаштагы өспүрүм Баткен районунун Орто-Боз айылынан 29-июль күнү табылган. Баланын сүйлөө жөндөмү жок болгондуктан, анын аты-жөнүн тактоо, жакындарын табуу кыйынчылык жаратып жаткан. Бүгүн, 31-июль күнү анын атасынын 58 жаштагы Хурсанай Чиртбоева аттуу бир тууган эжеси Тажикстандын Исфара районунун Кызыл-Кыштак айылынан келип баланы алып кетти", - деп билдиришти ОИИБден.

Чиртбоеванын милицияга билдиришинче, Нурбек Тажикстандын жараны экендиги жана 2 жыл аралыгында 3-4 жолу жоголуп, кайра табылган. Андан сырткары апасы мындан көп жыл мурун каза болуп калгандыгын, учурда ал эки бир тууганы менен атасынын колунда экендигин кошумчалады.

"Атасы жана бир туугандары дагы сүйлөө жөндөмү жок, ошондуктан Нурбектин табылганын милиция кызматкерлеринен угуп, өзүм келдим", - деди Чиртбоева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энеси тируу болсо мындай болмок эмес байкушум ар бирибиздин энебиз аман болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: