super.kg logo

Элчилик: "Орусияда Кыргыз-Өзбек жарандарынын ортосунда чыккан жаңжалдын чоо-жайы териштирилүүдө. Анда 1 адам көз жумган"

 

Орусиянын Москва облусунда жайгашкан Люберцы шаарындагы курулушта иштеген Кыргыз жана Өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып Кыргыз жараны каза болгону маалымдалган. Маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги тастыктап, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын бүгүн, 31-июлда кабарлады.

"Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган маалыматы боюнча, Кыргыз жараны - А.уулу.А.нын каза болушуна жаңжал учурунда бийиктиктен кулаганы себеп болгон. Азыркы учурда Кузьминск райондук тергөө бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул окуяга тиешеси бар делип Кыргыз өлкөсүнүн 4 жараны жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө. Сурактын жыйынтыгынын негизинде кылмыш ишин козгоо чечими каралат. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жиберүү 31-июлга пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 28-июлда Орусиянын Люберцы шаарында курулушта иштеген жумушчулар өз ара уруша кетип, Кыргыз жараны каза болгонун билдирген эле.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.07.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин классташым эле,абдан кайгылуу окуя болду.Кудайым бейишинен орун берсин.Жакында эле кеткен болчу,барбай койсомбу деп жаткан жактырбагандай болуп
01.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Ушулар жаман тойгоздуда ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-01 14:30:34
01.08.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayanis,темадан алыс билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: