super.kg logo

4 жыл мурун бортто 227 жүргүнчүсү бар Малайзиянын учагынын эмне себептен жоголгону сыр бойдон калды

 

Малайзиянын бийлик өкүлдөрү 2014-жылы Куала-Лумпурдан Пекинге учуп бара жатып дайынсыз жоголгон Boeing 777-200 жөнүндө өзүнүн акыркы докладдын жарыялашты.

Маалыматка ылайык, доклад өзүнө куткаруу иштеринин анализин жана ошол учурда кетирилген бир нече каталар тууралуу маалыматты камтыйт. Бирок докладда учак эмне себептен дайынсыз болуп кеткендиги тууралуу жаңы жана так маалыматтар жазылган эмес.

Белгилүү болгондой, алгач доклад менен учактын жүргүнчүлөрүнүн жакындарын тааныштырышкан. Алар да учактын эмне себептен жоголгондугу тууралуу маалымат дээрлик жок экенин айтып чыгышкан.

Эскерте кетсек, "Malaysia Airlines" авиакомпаниясына таандык Boeing 777-200 учагы Куала-Лумпурдан Пекинди көздөй багыт алган. Учактын ичинде 227 жүргүнчү, 12 экипаж мүчөсү болгон. 2014-жылы 7-марттан 8-мартка караган түнү учак радарлардан жоголуп кеткен. Издөө иштери 2017-жылдын январь айына чейин уланып эч кандай жыйынтык чыкпай, издөө иштери расмий токтотулган.

Бирок көп өтпөй издөө иштери кайрадан башталып Малайзиянын бийлик өкүлдөрү эгерде "Ocean Infinity" компаниясы учактын калдыктарын жана кара кутучаларды 3 ай ичинде тапса 70 миллион долларга чейин акча төлөп берерин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.08.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бермуд уч бурчтугуна синип кетсе керекта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: