super.kg logo

Сеул шаарынын мэри элге берген убадасына туруу үчүн кондиционери жок үйдө жашап жатат

 
Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Сеулдун шаар башчысына белек иретинде жөнөткөн вентилятор.
Мэрдин оппоненттеринин айтымында, Сеулдун шаар башчысы маселени чечпей эле, саясий шоу көрсөтүү менен алек болууда.
Мэр жубайы менен жашап жаткан чатырдагы батирдин сырттан көрүнүшү.

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын башчысы Пак Вон-сун шайлоо алдында элге берген убадасын аткарам деп, күн куйкалаган ысыкта кондиционери жок үйдө жашап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Мэр шарты начар болгон райондордун бирин тандап алып, 30 чарчы метр болгон жупуну үйлөрдүн бирине 22-июлда көчүп кирген. Бир айга созула турган сыноо мөөнөтүндө Пак Вон-сун райондун тургундарынын кыйынчылыгын өз жон териси менен сезип көрмөкчү.

Аталган өлкөнүн президенти Мун Жэ Ин Сеулдун шаар башчысына белек иретинде желдеткич жөнөттү. Ошол эле учурда Пак Вон-сундун мындай кадамын пиар деп эсептеп, күн сайын оппоненттери убактылуу жашап жаткан үйүнө келип жатышат. Алардын айтымында, Сеулдун мэри маселени чечпей эле, саясий шоу көрсөтүү менен алек болууда.

Пак Вон-сун учурда жубайы менен жашап жаткан батир бир кабаттуу үйдүн чатырында жайгашкан. Сеулда мындай батирлердин акысы салыштырмалуу арзан болуп, адатта студенттер жана кары адамдар жашашат. Чатырда жайгашкан үйлөр жайында өтө ысык, кышында өтө суук болуп, коопсуздугу да жакшы каралган эмес.

Маалымат үчүн: Пак Вон-сун Сеул шаарынын башчысы болуп өткөн айда үчүнчү ирет шайланган. Ал Түштүк Кореянын борборун 2011-жылдан бери башкарып келет, учурда 62 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
31.07.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздиклер мындай шарттуу уйдо пиар учун дагы жашабайт ойлоп корсок Бишкеке ушул убака чейин тамынан башка байлыгы жок бир дагы кедейирак адам келбептир Бишкек Оштун меринин орду сатылбайт десе эч качан ишенбейм да.
01.08.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин МЭР 42гектар жерге да батпайт, озу тойсо да козу тойбогон МЭРибизге жол болсун!
01.08.2018. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин кандай уйдо жашап келгенинен дагы маалымат берип койсонор болмок экен суперчилер
01.08.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда жашайм 5этаждын крышасында.дал ушул суроттогудой. Жайкысын аявай ысык, кышында жылуу, суук эмес.
01.08.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде особенно Бишкеке же Ошко мэр болуп шайланса наоборот кымбат райондо кымбат уйдо жашап калат бул менин ойум, бирок чын болуш керек
sharolli түзөттү 2018-08-01 15:50:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: