super.kg logo

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды (мүлктөрүнүн тизмеси)

 

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда SUPER.KG'ге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жантөрө Сатыбалдиевдин мүлкүн камакка алуу ага козголгон "коррупция" боюнча кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

"24.kg" маалымат агенттиги Жантөрө Сатыбалдиевдин камакка алына турган мүлктөрүн жазып чыкты.

- Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128;

- 2008-жылы чыккан Тойота Камри унаасы В3966ВА;

- 2000-жылы чыккан Мерседес-Бенц 500 унаасы B6316AI;

- 2000-жылы чыккан Мерседес-Бенц Б500 унаасы Е4948.

Уулу Сатыбалдиев Жоомарт Жантөрөевичтин атына катталган мүлктөр:

- Ош шаарында жайгашкан дүкөн. "Анар" кичи району, 15а/51;

- 2015-жылы чыккан Тойота Камри унаасы 01KG881ACD.

Уулу Сатыбалдиев Исламбек Жантөрөевичтин атына катталган мүлктөр:

- Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62;

- Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82;

- Ош шаарындагы "Ак-Тилек" кичи районундагы турак үй 28;

- МАЗ 6303-020 унаасы 3546М;

- МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Уулу Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр:

- Лексус-ЕС- 350 унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ;

- Мерседес-Бенц ОЕК280, 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF;

- Хонда Одиссей, 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR.

Жубайы Смадиярова Канышай Турдукеевнанын атына катталган мүлктөр:

- Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006;

- Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004;

- Лексус RX330 унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800Е;

- БМВ 325 унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R;

- Тойота Прада унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.

УКМКнын басма сөз кызматы бул тизмеленген мүлктөр толугу менен камакка алына тургандыгын SUPER.KG порталына тастыктады.

Айта кетсек, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эске салсак, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин SUPER.KG порталына ЖЭБди модернизациялоо боюнча кеңири маек берген. Аны төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(45)
31.07.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мынча байлыкты кантип жыйнады экен охо
31.07.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул желмогуз канчасын жеген, Ош Кайра калыбына келтируу дирекциясы болгондо канча жеген, ошолору да кошуп чукуш керек, эптеп уйлорду куруп канчалаган акчаларды жеп кетти, ал мезгилде текшерген адам жок, жыргады.....
31.07.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ушул кишиден эле чыгатко кыргыз элинин карызы,Ошто ,Бишкекте уйлорду урпактарына чейин алып койуптурго.
31.07.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Чирип"кетиптир го...
31.07.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
шордуу кыргызга мындай премерден канчасы келди,баары жеп кетишти,карызга элди батырып.
31.07.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кисталаак Төрөбай
31.07.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
кытайдан кутулчу байлык бар тура.Бирок эрте кабарлап койдунар баягы келдибековдукуна жеткен жок ко.Ал деле мулкуно жооп берген жок.качан кустурганды уйронобуз андан бир нерсе албай .Эми кыргыз элим кутолу эмне болорун
31.07.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Банктагы счетторун да алгыла
01.08.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jalguzum,банктагы счёттору айтбайт да соттор оздору алышат
31.07.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бейиштей болгон мекенибизди ушуга окшогон элин суйбогон бок курсактар талкалап тоноп жок кылышты акмактар мындай жепжутар тойбостор чекеден чыгат баарын окмотко арестоват этиш керек бул чочколорду
31.07.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХ жеп бутушту кыргыздарды.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-01 09:53:37
01.08.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulzat85, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз!
31.07.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чиновниктердин баарын текшерип чыгыш керек!
01.08.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен ишенбейм бул кишинин шаарда бир уйу калганы уулунун сокулуктун фрунзе айлындагы уйлор экенине Байкуш царскийде особняктары бир да бизнес даже павилион жок экен Туугандарынык кошсо баары биригип машиналары менен жуз мин доллардын тегереги экен Ушунча майлуу жерлнрде журуп бир нормальный баалуу эч нерсе жок болсо...
01.08.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kapchygai,каяктан эсептнп койдун 100 минден ото эле коп
01.08.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kapchygai,азыр бир квартирасы эле жуз мин доллар.
01.08.2018. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шилтемеден бул байкебиздин маегин окуй албай атабызго админ
01.08.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринин 33 гектар жерде уйу болсо, биринин 33тон ашык уйу бар. Чиновниктердики отту
01.08.2018. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми Осмонбек Артыкбаевдикин камап анын байлыктарын кустуруп элге жарыяласанар сонун болмок
01.08.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aza84,жарыя кылып сразу кытайдан карызды кутула бериш керек
01.08.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Авиакомпаниялары кана ишканалары кана жердеш катары мен билем бунун байлыктарын. Эмнеге сразу камака алюайт мулкторун. Келиндерин тешкерсин.
01.08.2018. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
odin-takoy,
эркек экенсин! кайын журт, Тага журт дегендерди да текшергиле!
01.08.2018. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
он жеңил унаасы эки жүк унаасы бар экен,бул жарымы болсо керек сатып үлгүрбөй калганы,тууган уругуна келиндерине жазылган байлыгы дагы көп болсо керек,суроо туулат Жантөрө мырзанын атасынан же чоң атасынан калды бекен ушунча байлык,ушунун баары элдин ырыскысы,баарын кустуруш керек башкаларын дагы ошондо карыздан оңой эле кутулабыз
01.08.2018. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ушунчада жейби!
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-01 09:54:39
01.08.2018. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичке ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-01 09:54:57
01.08.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
senchi,порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз!
01.08.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козум менен кошо оозум ачылып калды да. Мен учун бул кооп нерсе.
01.08.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара баштарына учтон торттон машиналары бар экен тооба. Ошончо байлыкты айлыкка иштеген киши омур бою да сатып ала албайт го дейм.
01.08.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан эле карапайым элге пособия бербейт бир машинан бар экен деп.
Жегендерди кустурса охуу
01.08.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам озунун олушун гана билбейт демекчи бул да ала кыла турган нерселерди кылган экен да албетте баары мамлекеттин эсебинен да бул турмодон чыккандан кийин да алып алат бул премьер болуп атпайбы, Наримандын деле эч темкеси кемип кетпеген сыяктуу.
01.08.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайыын...Канча адамдын долясын озунун атына откоруп алган? Бул озунун эле атына откондор болсо,тууган урук,бала-чакасынын атына откону канча?
01.08.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деп эле жарыя кылып койушат алып жетим жесир коп балалуу мумкунчулу чектелгендерге кары картандарга болуп беришпейт чогуусу менен эстафета болуп ьироонун карамагына отот болду эч ким териштирбейт.. Бирин бири чукуп эле байып атышат чондор.. Кана Шадиевди качып кетти деп койушуп кыргыззстанда эч нерсесин калтырбай качып келиптирби аныкы деле толтура болсо керек..
01.08.2018. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
15 машиненин не кереги бар. Баары эми машинеси жок калышат. Балдары биздин жаныбызга келет акча тапканга мигрант болуп. Бунун балдары иш кыла албайт болуш керек
01.08.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо арам байлыкты жаман уйгон экенсинер
01.08.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин акчасын аябай эле уурдаган экен
01.08.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун байлыгынан тышкы карыздан толош керек
02.08.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирбейт. Эң бай адамдардын катарына кирбеген адамдын байлыгы ушунча болсо башкалардыкын элестетүү дагы мүмкүн эмес....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: