super.kg logo

Тажикстан бийлиги шаарларга 5 кабаттан кем үйлөрдү салууга тыюу салды

 

Тажикстандын бийлиги шаарларга, жаңы конуштарга жана райондун борборлоруна курула турган үйлөр беш кабаттан кем эмес болушу керек экендигин чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, өкмөт тарабынан мындай чечим бир ай мурун кабыл алынганы менен, коомчулукка эми гана белгилүү боло баштаган. Беш кабаттан кем үйлөрдү салууга тыюу салуунун максаты - шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу жана өлкөдөгү жер тилкелеринин жетишсиздигин эске алуу.

"Тажикстандын архитектура жана курулуш комитети 5 кабаттуу болгон үйлөрдүн эскиздерин даярдашкан. Ал эскизди үйлөрдү курууга уруксат алган ишкана, компаниялар пайдалана алат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, бир ай мурун тажик бийлиги шаарлардагы, район борборлорундагы үйлөрдүн бардыгы чатырына жабылган шиферлерди заманбап, бир түстөгү чатырга алмаштырууну айткан. Бирок жашоочулар бул демилгени жактырышкан эмес. Алар үчүн бул жөн гана ашыкча чыгым экенин, бир үйдүн чатырын толугу менен алмаштырууга аз дегенде 1 миң 600 доллар каражат жумшаларын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.08.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура
01.08.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: