super.kg logo

АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Корея дале баллистикалык ракета курууну улантып жатканын аныктады

 

АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Корея 2 жаңы баллистикалык ракета куруп жатканын аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар чалгындоо кызматындагы жеке булактарына таянып жазышууда.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк басылмалар баллистикалык ракета курулуп жаткан аймактын спутниктен тартылган сүрөтүн да жарыялашты.

Буга чейин АКШ Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан баш тартса, терроризмди колдогон өлкөлөр тизмесинен чыгарууга даяр экенин билдирген.

Мындан сырткары 12-июнда Сингапурда өткөн Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусунда өзөктүк куралдан баш тартуу маселеси талкууланган. Саммитте Түндүк Корея өзөктүк куралды сыноого, иштеп чыгууга бөгөт коюшу керектиги айтылган. Трамп аталган кадам ишке ашса, АКШ Түндүк Кореянын коопсуздугун сактоого даяр экендигин билдирген. Ал эми Ким Чен Ын да тынчтыкты орнотууга кызыкдар экенин айткан болчу.

Ким Чен Ын Түндүк Корея өзөктүк куралын жана континент аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрүүнү токтотуп, өлкө түндүгүндөгү ядролук полигонду жабарын жарыялаган. Ошондон кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ сыяктуу өлкөлөр менен мамилешүүгө бара баштаган.

Белгилей кетсек, 27-апрелде Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын лидерлери алгачкы ирет жолугушуп, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушуудан соң эки тараптын ортосунда тынчтык келишимине келүү жана өзөктүк куралдан арылуу тууралуу макулдашуу болгону жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
01.08.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмнени коргусу келип калган булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: