Оор кылмышка шектелип Бишкектин 20 жаштагы тургуну кармалды
27-июнда белгисиз бирөөлөр тарабынан бычактан жаракат алган Бишкек шаарынын 34 жаштагы У.У. аттуу тургуну улуттук госпиталына келип түшкөн. Аталган бейтап операция убагында көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы 28-июнда билдирди. ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жана Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жыйынтыгында Бишкек шаарынын 20 жаштагы А.Б. аттуу тургуну кармалды. Кармалган жаран Бишкек ШИИБинин тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлө баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.