super.kg logo

Равшан Жээнбеков: "Шаар мэри депутаттар же бийлик тарабынан келсе, аларга гана кызмат кылып калат"

 

Депутаттар же бийлик тарабынан шаар мэрлигине келгендер элге эмес, кызматка алып келгендердин гана буйругун аткарат. Мындай пикирди бүгүн, 1-августта саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

"Мэрди бийлик же депутаттар шайласа, анда мэр аларга гана кызмат кылып калат. Биз бул маселени талкуулашыбыз шарт эмес. Мэрди эл шайлашы керек. Башка жакшы жол жок. Сингапурдун да, Куала-Лумпурдунда да жана Токио сыяктуу бир топ өнүккөн шаарлардын мэрлерин эл шайлайт. Эл шайлаган мэри бар шаарлар өнүгө турганы далилденген", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал аталган маанилүү тегерек столго саясатчылардын келбей койгонун сынга алды.

Учурда Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.08.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азиз адамгерчилиги бийик инсан, канчалаган жетим-жесирлерге жардам берет, бирок, бир жолу да өз жардамдарын массалык маалымат каражаттары аркылуу айтканын уккан жокмун. 5 жыл Жогорку Кеңеште Азиз Суракматов менен бир партада олтурдум. Азиздин адамгерчилигинен баштап, күчтүү жетекчи экенин билем. Ошондуктан, урматтуу шаардыктар Азиз Суракматовду колдоого Сиздерди чакырам. Мен ишенем Азиз Суракматовго, Сен да ишен замандаш!
01.08.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл өкмөттүн башчысы менен шаар мэрлерин эл шайлашы керек эл "тараза" деп бекеринен айтылбайт.Азыркы башчылар бир топтун кана кызыкчылыгы үчүн иштетешет.
Jelezo түзөттү 2018-08-01 13:01:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: