super.kg logo

"Азиз Суракматов буга чейин "Ак жол" партиясы менен жүргөн. Эми КСДПдан Бишкек мэрлигине сунушталууда" дейт укук коргоочу Калича Өмүралиева

 

"Азиз Суракматовдун Бишкек мэрлигине сунушталышы таң калычтуу болду" дейт бүгүн, 1-августта тегерек столдо укук коргоочу Калича Өмүралиева.

Анын айтымында, шаар мэрлигине көбүнчө ишкерлер келип калууда.

"Азыр ким шаардык кеңештин депутаттарынын ишине канааттанат? Эч ким канааттанбайт. Азиз Суракматов буга чейин "Ак жол" партиясында болчу. Эми КСДП аркылуу Бишкек мэрлигине сунушталып жатат. Кайсы партия күчтүү болсо ошол жакка өтүп кете бериш керекпи? Анда жеке позиция жок болуп калбайбы? Партияга карата сый, баалоо болушу керек да", - деди Өмүралиева.

Учурда Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Азиз Суракматов жалгыз ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.08.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Емне болсо да Байдын баласы суйлосун дейт го
01.08.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азис Суракматов Бишкек шаарынын баардык структурасында иштеген, дасыккан адис. Кесиби боюнча архитектор, Башкыархитектурада иштеген, андыктан шаарга " градоначальник" болуп иштөөго платформасы бекем. Экинчиден шаардык Кеңешке эчен ирет депутат болуп иштеген мезгилде Бишкек шаарынын көйгөйүн конкреттүү чече алган. КР ЖК V-чакырылышынын депутаты катары Республикабыздын, ошонун ичинде Бишкек шаарынын маселелерин чечүүдө конкреттүү иштерди алып барган. Бишкек шаарынын бүтүндөй проблемалары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: