super.kg logo

Журналист Болот Жумабаевдин дүйнөнү багындырган шахматчылар менен болгон маектерди камтыган "Шахмат залкарлары" аттуу китеби жарык көрдү

 
Журналист Болот Жумабаев.

Журналист Болот Жумабаевдин "Шахмат залкарлары" аттуу китеби бүгүн, 1-августта жарык көрдү.

Автордун айтымында, ал Советтер Союзу мезгилинен бери чогултуп жүргөн эмгектерин жыйнак кылып аталган китепти жазган.

"Китептин ичине дүйнөнүн 12 жолку чемпиону Анатолий Карпов, шахмат вундеркинди аталган Гарри Каспаров, 17 жашында Дүйнө чемпиону аталган грузиялык Майя Чибураданизде менен болгон маектерим кирген", - дейт автор.

Китепке дүйнөнүн шахмат боюнча чемпиондору тууралуу энциклопедиялык маалыматтар, шахматтын тарыхындагы кызыктуу окуялар, залкар шахматчылардын жана кайталангыс өзгөчө талантка ээ болгон Роберт Фишердин татаал тагдыры баяндалган.

Ошондой эле китепке Кыргыздын белгилүү шахматчысы Эмил Молдобаев жана кыргыз кыздарынын арасында алгач суурулуп чыккан Бакыт Самаганова менен болгон аңгемелешүүлөр да кирген.

"Бул эмгек жаш шахматчыларга келечектин чемпиондоруна мыкты окуу куралы болот деп ишенем", - деп билдирди Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: