Григорьев капчыгайындагы Кара-Көл көлүнөн 45 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды
Ысык-Көл районундагы Григорьев капчыгайындагы Кара-Көл көлүнөн 45 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бүгүн, 1-августта кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31-июлда саат 20:05 чамасында Кара-Көл көлүнө 1973-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
"Издөө иштерин ӨКМнын куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Бүгүн саат 08:50дө издөө иштерине аймактагы куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган. Саат 11:30да куткаруучулар тарабынан тургундун жансыз денеси суудан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
reach

01.08.2018. 17:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоң-Ак-Суу капчыгайы деп тарыхый атынан айтсак эл көнөт
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.