super.kg logo

"Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу жакшы эмес. Аны үй-бүлөсү менен жолуктурбай жатышат" дейт жактоочусу

 

"Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна жетиштүү көңүл бурулбай жатат", - деп билдирди SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев камакка алынганга чейин эле ооруп жүргөн.

"Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы жакшы эмес. Ал камакка алынганга чейин да ооруканада дарыланып жаткан болчу. Ооруканадан убактылуу чыгып эле Европага учуп, кайтып келгенде камакка алынып калды. Ошондон бери ден соолугуна жакшы кам көрүлбөй жатат. Ал жаткан абакта медициналык кароону жакшы жүргүзүшпөйт. Текебаев азыр Улуттук кардиология борборунда дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп жатат. Текшерүү аягына чыга элек. Бул жерден чыгып, кайра эле абакка кетет. Режим өзгөртүлгөн жок. Жактоочулар ага жолугуп чыктык. Үй-бүлө мүчөлөрүн экс-депутатка киргизбей жатышат", - деди Токтакунова.

Буга чейин Өмүрбек Текебаев медициналык кароодон өтүү үчүн Улуттук кардиология борборуна чыгарылганы маалымдалган.

Эске салсак, былтыр жаз мезгилинде Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
01.08.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Омурбек Чиркешович сизге ден-соолук.Эртерээк эркиндикке чыгуу насип кылсын.
01.08.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Текебаев 25 жылдан бери ишенип жүргөн элдин ишенимине түкүрүп мегакомду жең чинен сатууга аракет кылган. Мындай саясатчылардын кереги жок. Элдин бийликке болгон ишенимин Текебаевке окшогон чиновниктер кетирет.
01.08.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bekmirzach,АША атан экон кыйраттынбы Текебаев жонокой эле депутат алты жыл карупсиянер досторун чогултуп алдынар
01.08.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Текебаевтей кишини азыр убагында баалаш керек! керек болсо эртен чыгарып парламетте иштетип калыш керек!!! кийин мактап актаган кеч болуп калат. . .
02.08.2018. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшынакай кишини муздак жерге камап жок кылмай болду.
Батыраак жарыктыкка чыгышын кудайдан тилейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: