super.kg logo

Бишкекте эң мыкты ашлян-фу кантип даярдалат (сурамжылоонун жыйынтыгы)

 

SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң мыкты ашлян-фу кайсы жерде даярдалат?" деген сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:

1. "Ашлян-Фу"
2. "Каракол Ашлян-фусу"
2. "База Ашлян-Фу"

Мыкты ашлян-фуну даярдоонун сырларын билүү үчүн алдыга суурулуп чыккан жайларга бардык. 1-орунду алган Сүйүнбаев-Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан "Ашлян-фу" жайына барганыбызда аталган жайдын жетекчилиги суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты. Балким, ийгилигинин сыры да анын купуя кылып сактаганында чыгар.

Ал эми 2-орунду ээлеген Панфилов-Горький көчөсүндө жайгашкан "Каракол Ашлян-фусу" кафесине да ашкана сырларын билүү үчүн баш бактык. Бул кафе 2000-жылдан бери иштеп келет.

"Ашлян-фу жасап иштегениме 17 жылдай болуп калды. Ашпозчу болуп иштегенге чейин бул тамак тууралуу уккан эмесмин. Бул тамакты жасаганды дароо эле үйрөнүп кетүү оор болду, ал үчүн 5 жылдан кем эмес убакыт керектелди. Бирде соусум окшошсо, крахмалым окшошпой калчу. Караган көзгө оңой болгону менен бул даамды даярдоонун өзгөчө ыкмалары бар. Ашлян-фуда эң негизгиси соуска көңүл бөлүү керек", - дейт кафенин ашпозчусу.

Анын айтымында, эл арасында ашлян-фуну баш жазуу үчүн ичет деген ой калыптанып калган. Чынында эле аталган тамак көңүл айнып турган мезгилде жардамга келип, адамдын тамакка болгон табитин ачат. Бирок бул тамакты жөн гана сүйүп жегендер да көп.

Окурмандардын тандоосу боюнча 3-орунду "База Ашлян-фу" алды.
"Дунгандардын бул улуттук тамагын сүйүп жегендер шаарыбызда көп. Кафеде ашлян-фунун түрлөрү даярдалат. Мисалы, эт менен, ошол эле учурда жумуртка менен жасалат. Негизи ашлян-фу жумуртка менен даярдалат, бирок эт менен сүйүп жегендер да бар", - деп билдирди кафенин администратору.
Аталган жайда салтка ылайык ашлян-фу ысык пирожки менен берилет. Кардарлар ашлян-фуну максым менен жегенди жактырышат. Ар бир ашлян-фу даярдаган ашпозчунун өзүнчө эч кимге айтпай турган сыры бар. Адатта аталган тамакты сүйүп жегендер жайы-кышка карабайт. Кыш мезгилинде келип ачуураак кылып жасатып жешет. Муздак берилгендиктен жайдын ысыгында да өтө өтүмдүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
01.08.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен сүйгөн тамак
01.08.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
18 добуш менен 1орун булдунар десе уялып интервю бербей койгонго ха ха
01.08.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип даяралат?
28.11.2019. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карпинкадагы коп жага бербейт.Панфиловадагы чыныгы ашлянфууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: