Кышка даярдык боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды
Парламентте “КР экономика тармактарынын жана калкын 2012-2013-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө” ЖКнын токтому кабыл алынды. Токтомдо кышка карата даярдыктардын жүрүшү боюнча өкмөткө, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге бир катар тапшырмалар берилген. ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевдин айтымында, өткөн жыйындарда кышка карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматы угулган, анда айтылган сунуштарды эске алуу менен ЖКнын токтомунун такталган тексти кабыл алынып жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

