super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Мекендештерибизди азапка салган автобустун айдоочусуна миң сом айып салынат"

 

SUPER.KG порталындагы "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрилигине кайрылып төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Бул көйгөй боюнча биз автобустун айдоочусун эртең, 2-августка сүйлөшүүгө чакырдык. Анын бул аракеттеринин чоо-жайын сурап, жумуштагы шалаакылыгы үчүн тиешелүү чараларды көрөбүз, жоопкерчиликке тартабыз. Мындай нааразычылык бул айдоочуга карата алгачкы жолу болуп жатканына байланыштуу мыйзамдын негизинде ага миң сом айып салынат. Эгерде ал ишине так болбой, ушул көрүнүштү кайталаса, биз айдоочунун лицензиясын алабыз. Мындан тышкары окурман айткандай, алыскы жолго тиешелүү болгон унаанын ичиндеги шарттары тууралуу да сүйлөшөбүз", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, окурман: "Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча жүргөн автобуска түшүп жол тартканбыз. Айдоочулар 3 күндүн ичинде Бишкекке жетесиңер деп айтышкан. Бул автобуста 52 жүргүнчү келди. Унаа жолдо бузулуп калып, 7 күн жол жүрдүк. Автобустун ичинде эч кандай шарт жок, ысыкта кондиционери дагы иштебейт же терезелери ачылбайт", - деп билдирүү жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.08.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгону ошолбу государства 1000 Сол тарапка 10000 сом десенер
01.08.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алыстагы достор. Ар биринде группа бар Ватсапта. Кете турган машина барбы деп сурагыла. Жөнөгөн жеңил машина толтураго
01.08.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жол азабы, кор азабы. Мигранттарга дагы, водителге дагы боорум ооруп кетти. Мени эмне мынча боорукер кылып жаратып койду экен. Эми техника деген техника. Кээде болуп турат да. Аны водителдер менен таксисттер эле тушунбосо, биз тушунбойбуз. Автобустун тили болсо, айтмак,"быягым, тиягым ооруп атат, карап ондоп койчу" деп. Кээде болоор болбос жерин таппай, даалай убара болушат экен. Керек болсо компьютерный диогностика дагы таппай калат экен. Водитель деле жыргабаса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: