super.kg logo

Ысык-Көлдө Орусия жаранын 7 жаштагы кызы менен кошо сабаган таксист кармала элек

 

Ысык-Көлдө Орусия жаранын 7 жаштагы кызы менен кошо сабаган таксист дале кармала элек. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов таксистти издөө иштери улантылып жатканын SUPER.KG'ге 1-августта кабарлады.

"Азыр Орусия жаранын кызы менен кошо сабады деген адам козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам-издөө тобу тарабынан изделип жатат. Керектүү материалдар жыйналган. Ушул жуманын аягына чейин кармалат", - деп айтты Усубакунов.

Айта кетсек, Ысык-Көлгө эс алууга келген С.М. аттуу Орусия жараны 29-июль күнү милицияга кайрылып, бир күн мурун 7 жашар кызы экөөнү Бостери айылынан Чолпон-Ата шаарына алып бараткан таксист сабап койгонун айткан.

Бул окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүнү издөө иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
01.08.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылы жок ошол туристер келсе анан акча табасың го
01.08.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озунон озу сабабайт. Озу намысына тийген соз айткандыр анан сабагандыр
01.08.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды сабап койсо Россияда ушинтип милициялар карашабы
01.08.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көлдө бүт эле калчылдаган балдар го местныйлар. 2 жолу окшош окуяга туш болдук. Биринчисинде Чолпон Атада рынокто кирип кайра чыксак стоянкага акча бер дейт. 3 минута турганбыз жок десек, качка берген балдарды ээрчитип келди. Экинчи окуяда, бостеридеги стоянка 100 сом деп турат. Унаабызды токтотуп коюп жанында турсак стояншиктер келип акысын сурашты. Унааны айланып көрүп Оштуктарга 200 сом дешти. Анткени унаанын мамлекеттик номери Оштуку болчу. Мындай жагымсыз окуялар коп кереметтүү көлдө.
02.08.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарыгер,аймактык бөлүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: