super.kg logo

SUPER TV: "Эл эмне дейт?" деген түшүнүк аялым экөөбүздү ажыраштырды

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.

- Ажырашуу, атасыз өсүү эмне экенин жон терим менен сезип чоңойдум. Атам кызыл эт кезимде таштап кетиптир. Апам башка турмуш курган жок. Канчалык жеңилин жерден, оорун колдон алганым менен, апама бала катары гана ордумду көрсөтө алам. Көрсө, турмушта ар кимдин өз орду бар тура...

Атамды мектепти аяктап жатканымда тааныдым. Кичинемден мээримине бөлөнүп, ата жытын жыттап, акылын угуп чоңойбогон соң салкын мамиледе болуп калат экенсиң. Экөөбүздүн ортобуз жылып, ата-бала сезимибиз жанданып кеткен жок. Жөн гана бейтааныш адамдардай көргөн жерде саламыбыз түз. Эч кимге айтпасам да өзүмө-өзүм "атамдын жолун жолдобойм, анын катасын кайталабайм" дечүмүн. Мектепти аяктаган соң Бишкекке окууга тапшырдым. Апама салмагымды салбайын деп таежемдин чакан ишканасында иштеп, өз арабамды өзүм тартып окуумду аяктадым. Иштеген жерибизге жакын дүкөн бар эле. Бир күнү кирип барсам жаңы сатуучу кыз келиптир. Көркөмү көзгө толгон сулуу кыз экен. Соодамды кылып чыгып кеттим. Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, кабынан козголгондой болду. Бир көрүп сүйүү дегенге ошондо ынандым. Ал дүкөнгө күндө кирбесем көңүлүм жай албайт. Таанышуунун амалын таппайм. Ашыкча сөз айтууга дареметим жетпей чыгып кете берем. Бир күнү "таанышам" деп өзүмө сөз берип кирип бардым.

Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.08.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл эмне дейт деген тушунукту жок кылыш керек. Бироонун жашоосуна кийлигишип, туш жооруп керекги жок. Азыр ак ким оз арабасын озу суйрогон заман. Бироонун оорусун бироо сезбейт. Ал эми башкалардын жеке жашоосун андып, ушак айтканга келгенде баары трехкратный чемпион мира болуп чыга келишет.
zhaku2017 түзөттү 2018-08-03 21:26:31
04.08.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Никесиз байланышканын учун экооно тен берилген жаза болсо керек.Кыздын айыбы ачыгын айтпаганы.Сенин айыбын ушундай создор болушун билип,баарына чыдайм деп туруп туруштук бере албаганын.Ар бирибизге ыйман берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: