super.kg logo

Дональд Трамп АКШнын президенттик шайлоосуна Орусия кийлигишти деген сынга пикирин билдирди

 

АКШнын лидери Дональд Трамп 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусия кийлигишпеген деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ак Үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерске шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Анын айтымында, Трамп АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнске "Орусия президенттик шайлоого кийлигишти" деген шек боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөнү токтотуу керек" деген пикирин билдирген. "Сандерс "президент баш прокурорго буйрук берген эмес, жөн гана пикирин айткан" деп баса белгиледи. Маалыматка ылайык, Трамп бул шектенүүнү токтотуу мезгили келди деп билдирген", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, АКШнын президенттик шайлоосу 2016-жылдын ноябрь айында өткөн. Ошол учурда аталган мамлекеттик жогорку иш-чарага Орусия кийлигишип жатат деген сындар айтыла баштаган. Буга байланыштуу Трамптын шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорт айыпталып, иш сотко чейин жеткен. Бирок аталган айыптоону Трамп да, Орусия да четке кагып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: