super.kg logo

Өкмөт башында 100 күн. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян элге отчёт бере турган күндү жарыялады

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өкмөт башына келгенине 100 күн болгонуна байланыштуу эл алдында отчёт берет. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Маалыматка ылайык, митинг 17-августта Армениянын борбору Ереванда өтөт.

"100 күн ичинде Арменияда кандай иштер болгондугу тууралуу эл менен маанилүү сүйлөшүү өткөрүшүбүз керек. Митингде кечээги, бүгүнкү жана эртеңки күн тууралуу сөз болот", - деп жазган Пашинян. Жолугушууда өкмөттүн алдыдагы кадамдары жана буга чейин аткарылган иштер талкууланмакчы.

Эске салсак, Пашинян премьер-министрлик кызматка ушул жылдын 8-майында келген. Бул убакыт ичинде ал бир топ саясатчыларга кылмыш ишин козготуп, коррупцияга каршы катуу күрөш баштаган.

Апрелден тартып Арменияда массалык толкундоолор башталган. Толкуган элдин талабы 10 жыл президент болгон Серж Саргсянды жана анын "Республика" партиясын бийликтен кетирүү эле. 2-президенттик мөөнөтү аяктаган Саргсян премьерликке шайланып, бир нече күндөн кийин отставкага кеткен. 1-майда парламентте премьер-министрликке шайлоо өтүп, оппозициядан талапкер болгон Пашинян жетиштүү добуш жыйнай алган эмес. Экинчи аракетте гана ал өкмөт башчы катары шайланган.

Буга чейин Пашинян өкмөт башына келгенден кийинки 2 айдан ашык убакыт ичинде аткарган иштери тууралуу жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.08.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы примьер Жээнбеков баш болуп эч жыргатпайт. Жээнбеков кошоматчы кадрлары менен жыргатпайт.
i1urp түзөттү 2018-08-02 10:59:16
02.08.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Супер Инфо гезитинин жамааты! Ишиниздер ийгиликтуу болуп, дагы да орушунуздор дымактуу болсун!ХХХ ХХХ Атамбаевдин кадрлары тегиз кызматтан алынып жатат деп атасынар ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-02 11:31:51
02.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776, темадан алыс билдирүүлөрдү калтыруу тыюу салынган.
02.08.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm, Порталдын эрежелерин дагы бир жолу окуп чыгууну сунуштайбыз. 5 күнгө БАН!
02.08.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776, Dalil, эрежелерди дагы бир жолу окуп чыгууну сунуштайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: