super.kg logo

Кытайдан качып келген этникалык казак Сайрагүл Саутбай Алматыда сот залынан бошотулду

 

Кытайдан качып келген казак улутундагы Кытай жараны сот залынан бошотулду. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, айыпталуучуну колдоп Сот имаратынын алдына 100гө жакын адам келген.

Алматы облусунун Жаркент шаардык соту Сайрагүл Саутбайды 6 айга шарттуу кесип, бирок аны Кытайга берилбестен Казакстанда калтыруу тууралуу өкүм чыгарган. Сот айыпталуучунун 2 баласы бар экенин эске алып, ага жаза чегерүүдө БУУнун Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенцияга таянганы айтылат.

Буга чейин "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казак бийлигине кайрылуу жолдогон. Уюм кайрылуусунда 42 жаштагы Саутбайды Кытайда түрмө күтүп турганын жана ал жакта кыйноого кабыларын айтып аны Казакстанда калтырууну суранган. Буга чейин казак интернет булактарында “Казак аялы Кытайга күч менен өткөрүлүп жатат” деген видео тарап, ал Казак жарандары жана активисттери тарабынан кызуу талкууга алынган.

Май айында коомдук уюмдар жана активисттер тарабынан жыйын өтүп айыпталуучунун күнөөсү аныкталса, ал Казакстанда жаза өтөөсүн суранып бийликке кайрылуу жолдошкон. Ошондой эле алар бул ишке арачага түшүүнү суранып эл аралык уюмдарга кайрылышкан. Сайрагүл Саутбай өзү да камакта жаткан кезинде өзүнүн мыйзамсыз аракеттери үчүн Казакстанда жоопко тартылууну суранып президент Нурсултан Назарбаевге да кат жазган.


Казак басылмаларынын жазганына таянсак, Сайрагүл Саутбай 2016-жылы 2 баласы жана жолдошу менен Казакстанга көчүп келмек болгон. Бирок Казакстан Сайрагүлдүн 2 баласына жана жолдошуна жарандык берип, өзүн мамлекеттик кызматкери болгону үчүн кабыл алган эмес.

Үй-бүлөсү Казакстанга кеткен соң аны Кытай бийлиги “Казакстанга маалымат ташыйт” деп айыптап, кысымга ала баштаган. Мындан соң Сайрагүл Саутбай 2018-жылдын 4-апрелинде Казакстандагы үй-бүлөсүнө баруу үчүн казак-кытай чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аргасыз болгон. Ал 21-майда Алматы облусунун Байдибек айылында үй-бүлөсү менен жашап жаткан жеринен Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган. Ага "Хоргос" чек ара бекетинен "мыйзамсыз өткөн" деген айып коюлган.






Казак улуттундагы Кытай жараны Сайрагул Саутбай бошотулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: