super.kg logo

Жактоочулар менен нотариустар мамлекетке салык төлөй турган мыйзам сунушталууда

 

Кечээ, 1-августта Юстиция министрлиги нотариустар жана жактоочуларды салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Аталган министрликтин маалымат катчысы Айзада Кадырованын SUPER.KGꞌге билдиргенине караганда, аталган долбоор коомдук талкуудан кийин сунуш-пикирлерге карап өзгөртүлүшү мүмкүн.

"Биз бул боюнча кенен маалымат бере албайбыз. Анткени коомдук талкуудан кийин дагы бир нече өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Кыскача айтсак, мыйзам долбоору "Жактоочулук жана нотариалдык ишмердүүлүк боюнча айрым актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталат. Мыйзам долбоордун негизги максаты жактоочулар менен нотариустардын ишмердигин салык режимине киргизүү жана бул тармакты иретке келтирүү болуп саналат. Себеби алардын жумушу ишкердиктин түрүнө кирип жаткандыктан, салык алуу маселеси сунушталып жатат", - деди Кадырова.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жактоочулар менен нотариустардын ар бир кызмат көрсөтүүсүндөгү кирешесинин 10 пайызы салык катары өлкө казынасына чегерилиши жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.08.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ дагы деле элдин шору, биз салык толойбуз деп кызматын эки эсе кымбаттатат эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: