super.kg logo

Сокулукта ири соода түйүнүнөн 500 миң сомдон ашык акча уурдоого шектелген балдар кармалды

 

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы ири соода түйүндөн акча уурдоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан 2-августта кабарлашты. Маалым болгондой, аталган кылмыш ишине тиешеси бар деген негизде соода түйүндүн күзөтчүсү да кармалды.

"30-июль күнү түн ичинде белгисиз эки жаран Новопавловка айылындагы ири маркетке медициналык бет кап тагынып кирип келген. Күзөтчүлөрдүн жок учурунан пайдаланып, маркеттин кампасына өтүп, кызматкер бекиткен ачкыч менен акча сакталган сейфти ачышкан. Сейфтин ичиндеги 579 миң сомду алган соң, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул фактынын негизинде Сокулук РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, 19 жаштагы Б.А. жана мурда соттолгон 18 жаштагы У.Т. аттуу жарандар шектүү катары кармалды. Ошондой эле ири маркеттин күзөтчүсүнүн дагы бул ишке тиешеси бар экени аныкталып, ал дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жарандар жасаган кылмышын моюндарына алышты", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: