super.kg logo

Оштогу "Төлөйкөн" ат майданын оңдоп-түзөө үчүн 5 миллион сомдук долбоор сунушталды

 

Ош облусундагы "Төлөйкөн" ат майданынын жаңы директору Талган Арзибаев ат майданды оңдоп-түзөө боюнча долбоор сунуштады. Долбоордун баасы 5 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

"Жай айларында ат майданда жарыш жолдор тазаланып, малды сугаруу үчүн 120 чарчы метр көлмө салынып, бак-дарактарды сугарууга лотоктор оңдолду. Тоют кампаны оңдоп-түзөө, көрүүчү орундары жаңылоо боюнча жана башка иштер жүргүзүлдү. Аткарылган иштердин баасы 117 миң сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.

Директордун айтымында, учурда ат майдандагы көк бөрү талаасын оңдоп, тай казан сатып алуу зарылчылыгы турат. Ошондой эле административдик имаратты оңдоо жана башка иштерди аткаруу керек. Бул иштерди аткарууга 5 миллион сом керек болуп жатат.

Ошондой эле Арзибаевдин айтымында, ат майдандын кирүү бөлүгүн, оюн талаасын жана курулмаларды оңдоого жаңы долбоор даярдалган. Бул оңдоо иштери аткарылган соң "Төлөйкөн" ат майданында республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.






Оштогу "Төлөйкөн" ат майданынын оңдоп-түзөө долбоору

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.08.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан да акча жеп калайынчы деген чиновтиктердин идеясыбы 5млн?буткондоле отургучтары китайский,2оюндан кийин жармы сынган
02.08.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротун го жакшы тартыптыр бирок 10млн берсен да биздикилер суроттогудой бутурушпойт да, тай казанды сатып албай жасаса болбойбу?
02.08.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча жеш керек да эптеп... Уялышпай акча сурашат... Ошол 5 миллиондун кеминде 2 миллиону уурдалаары турган соз...

Соке озу кандай болсо, калган жегичтер да ошондой...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: