super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов: "Бишкектин мэрин шайлоону токтото турууга негиз жок"

 

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталы "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

Ал Бишкек шаарынын мэрин шайлоо мыйзамдын негизинде, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек деген пикирде.

"Мэрди шайлоо атаандашсыз өтпөсүн деген норма жок. Сунуш кылынган талапкер жана ага коюлган талаптар мыйзамдагы нормаларга шайкеш келет. Шайлоону токтотуп турууга, өткөрбөй коюуга негиз жок", - деди Бекматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Асылбек Кадралиев, саясат таануучу Эмил Жураев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: