super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абаддын экс-мэри Максат Жээнбеков Бишкек мэрин шайлоо боюнча: "Шаардык кеңеш жогору жактан кандай тапшырма келсе ошону аткарганга даяр"

 

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталынын "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбеков жооп берди.

Ал Бишкек мэрин шайлоо күнүн жылдырууну толук колдой турганын айтты.

"Бишкек мэрин шайлоо учурда резонанс жаратууда. Коомчулук коюп жаткан талап туура. Шайлоону жылдырууну толук колдойм. Себеби эл буга чейин ушул жол менен шайланган Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду көрдү да. Ошондо да шаардык кеңештин депутаттары бирден колдоп берген. Жыйынтыгында камалышты. Мен Бишкек шаарынын депутаттарын такыр түшүнбөй жатам. Атаандаштык болуш керек эле. Ошондо гана өнүгүү болот. Шаардык кеңеш жогору жактан кандай тапшырма келсе, ошону аткарганга даяр. Мэрди шаар тургундары шайлашы үчүн мыйзамды өзгөртүү зарыл. Азыр депутаттар элге акча таратып туруп, кайра жыйнап алууну адатка айлантып алды. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары элдин атынан сүйлөгөнү туура эмес. Алар добушту сатып алышкан", - деди Жээнбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев, саясат таануучу Эмил Жураев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: