super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: "Мэрликке талапкер чыгарбай коюу - өкмөт башчынын шалаакылыгы"

 

Жарандык активисттер Бишкек мэрин шайлоону токтото турууну талап кылып, атаандашсыз өтүшүнө каршы чыгышууда. SUPER.KG порталы "Сиз бул демилгени колдойсузбу?" деген соболуна укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жооп берди.

Үмөталиева шайлоо деген тандоо түрүндө өтүшү зарыл деген пикирин айтты.

"Шайлоо деген өзү тандоо да. Эң аз дегенде эки адамдын арасында тандоо жүргүзүлүшү керек. Тандай турган адам жок болсо, ким тандалат? Мындай боло турган болсо, түз кызматка коё турган кылуу абзел. Мыйзамда андай жок. Тилекке каршы, учурда түз дайындап койгондой эле болуп калууда. Башка чакан шаарларда 2-3 адамдын ортосунда жүрөт, чоң шаарларда бир гана адам талапкер болууда. Бул чоң шаарларды колго алып, бекемдеп жатат дегендик. Талапкер чыгарбай коюу - өкмөт башчынын шалаакылыгы. Өздөрүнүн адамын өткөргүсү келет экен, анда жок дегенде катчысын болсо да талапкер кылып чыгарып, атаандаш кылып койбойбу", - деди Үмөталиева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асылбек Кадралиев, саясат таануучу Эмил Жураев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: