super.kg logo

Октон каза болгон жоокерлердин өлүмү боюнча тергөө иштери дале аягына чыга элек

 

Акыркы эки ай ичинде эле жоокердин өзүн-өзү атып алган үч факты катталды. Учурда бул үч факты тең Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жатканын SUPER.KG'ге 2-августта Аскер прокуратурасынан кабарлашты. Аскер прокурору Нуркамал Набиевдин улук жардамчысы Руслан Бейшалиевдин айтымында, фактылар тергелип бүткөнгө чейин алдын ала жооп айтууга мүмкүн эмес.

"Жыл башынан бери жоокердин өзүн-өзү атып алуусу боюнча өлкө боюнча үч факты катталган. Ал үчөө тең акыркы эки ай аралыгында Чүй облусунун аймагында болгон. Учурда фактылар Бишкек гарнизондук Аскер прокуратурасы тарабынан тергелип жатат. Аскерлердин өзүнө өзү кол салуусу эмнеде себептен келип чыкканын тергөө иштери аягына чыкмайынча айта албайбыз", - деди Бейшалиев.

Белгилей кетсек, 6-июнь күнү Сокулук районундагы №19-абакты кайтарып жаткан 18 жаштагы жоокер автоматты ээгине такап өзүн атып, каза болгон. Андан көп убакыт өтпөй эле Аламүдүн районундагы №1-түзөтүү абагында күзөттө турган 21 жаштагы жоокери Калашников үлгүсүндөгү курал менен өзүн атып алган. Ок жоокердин кекиртегинен өйдө карай атылган. Учурда Улуттук госпиталдын жалпы палатасында дарыланууда. Бул боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жоокери курал колдонуу эрежесин сактабагандыгы жана куралга шалаакы мамиле кылганы үчүн өзүн-өзү атып алган деп билдирген.

31-июль күнү да Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 19 жаштагы жоокери өзүн өзү атып алып каза болду. Факты Ленин райондук сотунун имаратындагы болгон. Ал дааратканага кирип, Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен өзүн башына аткан.

Учурда өлкө мыйзамдарына ылайык, аскерде милдет өтөп жүрүп өз өмүрүн кыйган аскер кызматкерлерине милдеттүү камсыздандыруу төлөнүп берилбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: