super.kg logo

"Кыргыз почтасы" ишканасынын кызматкери кымырып алган 533 миң 100 сомду мамлекетке кайтарды

 

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык филиалынын жооптуу кызматкери кымырып алган 533 миң 100 сомду мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугунун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2017-жыл ичинде жол эрежелерин бузган 12 миң 125 учур катталып, тийиштүү протоколдор түзүлгөн. Айдоочулар тарабынан "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык филиалына 8 миң 174 айып протоколдун негизинде 5 миллион 25 миң 600 сом айып пул төлөнүп, калган протоколдор боюнча айып пулдар банктар жана башка төлөм алуучу мекемелер аркылуу мамлекетке төгүлгөн. Ошол төлөнгөн каражаттардын 533 миң 100 сомун аталган ишкананын Жалал-Абад шаардык филиалынын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жиберишкен. Натыйжада мамлекетке 533 миң 100 сомдук материалдык зыян келген.

Бул иш боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу", "шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн иш Жалал-Абад ШИИБинин тергөө бөлүмүнө жиберилген. Кылмыш ишинде шектүү катары суралып жаткан Б.М. аттуу жарандан мамлекетке келтирилген материалдык зыян катары 533 миң 100 сом өндүрүлгөн.

Күбө катары башка тийиштүү адамдар суралып, учурда тергөө улантылып жатат.

Бул каражат коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар түшүүчү атайын эсепке которулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
02.08.2018. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайча? Бул адам мамлекетке төлөнгөн акчаны кайрып берсе, ал акча мамлекеттин казынасына түшө турган акча болчуго.
02.08.2018. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне соттолбойт кайдагы почтален деле 500мин алып иштетип кайра кайтарып коюп журо берсе качан онолобуз озу чекесинен камаш керек!!!
03.08.2018. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кустурганы, дагы башкаларды кустургула
03.08.2018. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча акча экенин тушунгон жокмун, цифра менен эле жазгылачы суранам?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: