super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Бишкектеги кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучулары үчүн Ысык-Көлдө жайкы эс алуу уюштурду

 

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучулары үчүн ЖКнын Ысык-Көлдөгү “Алтын-Көл” пансионатына жайкы эс алуу уюштуруп берди. Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский балдарга Ысык-Көл жээгинде эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Анын билдиргенине караганда, “Алтын-Көл” пансионатына аталган борбордун 28 тарбиялануучусу 3 тарбиячысы менен кошо эс алышкан. Төрага Асылбек Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 31-майында жогоруда аталган борборго барган. Анда тарбияланып жаткан балдар менен баарлашууда Ысык-Көлдө жайкы эс алуу уюштуруп берүүгө убада кылган. Белгилей кетсек, бул борбор 2003-жылдан бери иштейт. Андан бери 1148 балага (алардын 464ү кыз бала, 684 эркек бала) жардам көрсөтүлүп, алардын 208и мектептерге, 86сы лицейлерге киргизилген. Бүгүнкү күндө борбордо 70 бала (23 кыз, 47 бала) тарбияланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: