super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: Оштун "EREM" командасы алгачкы беттешинде атаандашын ири эсепте жеңип алды

 

Индонезиянын Жокьякарта шаарында өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунда Оштун "EREM" командасы алгачкы беттешинде атаандашын ири эсепте жеңип алды.

Аталган мелдеште 16 өлкөнүн чемпиондору катышып, алар 4 тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Анда Кыргыздын "EREM" командасы "С" тайпасында жайгашып, таиланддык "Чонбури Блувейв", катардык "Аль Салия" жана австралиялык "Вик Вайперс" командаларына кез келген.

1-турдун алкагында "EREM" командасы катардык "Аль Салия" командасы менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө "EREM'дин" оюнчулары 4 гол киргизсе, каршылаштары 1 гол менен гана жооп бере алды. "EREM" командасында Эмиль Канетов, Юлдаш Салимбаев, Акбар Каземи жана Максат Алимов айырмаланышты.

Кийинки турдун алкагында Оштун "EREM" командасы 4-августта Таиланддын "Чонбури Блувейв" командасы менен ойнойт.

"С" тайпасындагы беттештердин тизмеси:

1-тур:

"Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Вик Вайперс" (Австралия) - 9:2;

"Аль Салия" (Катар) – "EREM" (Кыргыз Республикасы) - 1:4.

2-тур, 4-август:

13:00. "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Чонбури Блувейв" (Таиланд);

17:00 "Вик Вайперс" (Австралия) – "Аль Салия" (Катар).

3-тур, 6-август:

17:00 "Чонбури Блувейв" (Таиланд) – "Аль Салия" (Катар);

17:00 "EREM" (Кыргыз Республикасы) – "Вик Вайперс" (Австралия).






Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугу: "Аль Салия" (Катар) - "EREM" (Ош)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.08.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буюрса группадан чыгат!!!
03.08.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ктрк спорт ушундай оюндарды берсе жакшы болот эле
03.08.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаандаштарын жон эле ойнотуштуго,дагы да жениш каалайм!!
03.08.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга ерем
Медиа-портал
03.08.2018. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ай ааай,Катардын соккон бир голун аябай мактап,кайталата берген да,а так биздикилер ким экендигин корсотуп коюптур,сыймыктанам!!
Медиа-портал
03.08.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: