super.kg logo

Президент Сооронбай Жээнбеков электр тармагына алынып жаткан 4 миллион евролук насыялык келишимдин ратификациясына кол койду

 

Кыргыз өлкөсү электр тармагын жакшыртуу үчүн 4 миллион евро насыя алат. Аталган насыялык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматынан таратышты.

Маалыматка караганда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөдөгү электр тармагын жакшыртуу үчүн 6 миллион евро каражат бөлүүдө. Анын 2 миллион евросу грант түрүндө болсо, 4 миллион евро насыя катары алынууда.

Аталган каражат "Чыгыш электр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн иштетилет. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

"Чыгыш электр" ААКсы бөлүштүрүүдө 20 пайызга чейин жеткен өтө көп жоготууларды кошкондо төмөн эксплуатациялык мүнөздөмөгө ээ, ошондой эле эски жабдуунун иштөөсүнүн техникалык мөөнөтү аяктагандан кийин да иштешине байланыштуу үзгүлтүктөр көп. Зымдарынын көбү 1960-1970-жылдары аз чыңалууга ылайыкталып орнотулуп, учурдун талаптарына жооп бербейт.

Ошол себептен 2017-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда "Чыгыш электр" ААКсын жаңыртуу долбоору үчүн кредиттик жана гранттык макулдашууларга кол коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин бир топ депутаттар алынып жаткан насыяга нааразычылыгын билдирип, электр тармагындагы коррупциялык систем боюнча сындарды айтышкан. Эл өкүлдөрү бул тармакка алынган насыялар натыйжасыз коротулуп жатат деген пикирде. Бирок алар аталган насыялык келишимди 3 окууда тең колдоп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
03.08.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карыздын баары электр тармагына жол курууга алынган, же жолубуз онолбой койдуго.
03.08.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аны кредитге алышат процентин ойлобой эле,электр энергиядан тушкон акча эле онор эмес болуп жататго,кызык ушул миллиарддар кимдин чонтогуно тушуп жатат болду экен.Бул жакта туруп эле ичин ачышат,кайран элиме эле залалын тартат.Аллах бир кун баарын кайтарарын унутпасак экен ЭХхх((
03.08.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
386 менен 4 түн айырмасы бар
03.08.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан Кыргызстан карызын берди деген жаңылык окуйт экенбиз.
03.08.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки министрдин акчаларын карызга откорбойсунорбу жок дегенде 3/1 нен кутулалы
05.08.2018. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын сатып туготуп,айла кеткенде карыз алмай да.Карызга белчебизден баттык го!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: