super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдүн Ак-Кочкор айылында 352 үй таза суу менен камсыз болду

 

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл обусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында жаңы суу түтүк тутуму ишке берилди. Анын ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев катышып, кызыл тасманы кесип суу тутумун ачты. Кыргыз эли илгертеден бери эле сууну ыйык көрүп, аны урматтап, өзгөчө аяр мамиле жасап келген. Бүгүнкү иш-чара өнүгүүгө карай дагы бир кадам десек туура болот. Ушул суу силер үчүн мүрөктүн суусу болсун",- деди облус башчы. Маалыматка ылайык, жаңы пайдаланууга берилген бул тутумдун курулуш баасы 27 миллион 760 миң сомду түздү. Анын 85 пайызын дүйнөлүк банк, 10 пайызын өкмөт, 5 пайызын жергиликтүү тургундар каржылаган. Айылдагы 352 үйгө суу киргизилип, 1 782 жаран суу менен камсыз болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: