super.kg logo

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн күндөрү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолуна чектөө киргизилет

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү, тактап айтканда, 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолуна чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр жүк ташуучу, оор жүк ташуучу унааларга, автобустарга жана кичи автобустарга, айыл чарба техникаларына, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташыган унааларга киргизилет.

"Бул күндөргө Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы жолдун 81-чакырымынан 83-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү альтернативдик жол каралган. Альтернативдик айланма жолдун узундугу 3 чакырым 700 метрди түзөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы түзүлгөн кырдаал үчүн Ысык-Көлдүн тургундарынан жана коноктордон кечирим сурайт жана абалга түшүнүү менен кароого чакырат. Ал эми транспорт айдаган тургундар алдын ала кайсы жол менен кете тургандыгын пландап алуусу керек", - деп жазылат башкармалыктын маалыматында.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: