super.kg logo

Түркиядагы этникалык кыргыз балдарга Кыргыз өлкөсүнөн барган 2 студент кыргыз тилин жана комуз черткенди үйрөтүүдө

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жашаган этникалык кыргыздардын балдарына ыктыярчылар кыргыз тилин жана комузда ойногонду үйрөтүшүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ыктыярчылардын бири Медина Камчыбек кызы билдирди.

"Бул жакка Улуу Памир айылынын башчысы Эйупхан Кошардын демилгеси менен келдик. Ал Улуу Памирдеги кыргыз балдарынын өз эне тилин, каада-салтын унутуп калбашы үчүн "Эгемен" коомдук бирикмесине кайрылып, балдарга кыргыз тилин жана комуз черткенди үйрөтүүчү ыктыярчыларды жиберүүсүн суранган экен. Аталган фонд бул демилгени бизге сунуштап, биз макул болдук. Биздин учак билеттерибизди "Эгемен" коомдук бирикмеси алып берди. Ал эми бул жактагы тамак-аш, жатакана маселесин айыл башчысы моюнуна алды.

Окуучулардын саны 40ка жетет. Баарынын тилди жана комузду үйрөнүүгө каалоосу күч. Учурда алар тамгаларды үйрөнүп, кыргызча китептерди өз алдынча окуп калышты. Кыргыз тилин билишкени менен түрк тилин аралаштырып сүйлөшөт экен. Азыр бул жаатта бир топ жылыш болду. Ошондой эле комузда да бир нече жеңил күүлөрдү черткенди үйрөнүп калышты.

Бул жакка эки ыктыярчы келгенбиз. Экөөбүз тең Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин студенттерибиз. Тилди мен, ал эми комузду Аймончок Жүзүмкулова үйрөтүүдө", - деди Медина өз сөзүндө.

Учурда Ван аймагынын Улуу Памир айылында 3 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.






Вандагы кыргыз балдары комуз үйрөнүп жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
Медиа-портал
05.08.2018. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ван деген кайсыл жакта?Эмне бул?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: