ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: "Внимание, говорит Москва!" Кылымдын үнү аталган легендарлуу диктор Юрий Левитан мындан 35 жыл мурун каза болгон
"Внимание, говорит Москва" - мына ушул сөздөр кулакка уникалдуу үн менен жаңырат. Бул легендарлуу үн ээсине атак-даңк, ийгилик алып келген. СССРдин башкы диктору, фронттогу жоокерлер менен тылдагы элди байланыштырып, фронттогу жаӊылыктар менен тааныштырып турган Юрий Левитандын жашоосундагы урунттуу учурлар менен тааныштырабыз.
ЛЕВИТАНДЫН ЭЛИНЕ КЫЛГАН КЫЗМАТЫ КОҢШУЛАРЫНЫН ОЙНОП КЕТКЕН БАЛДАРЫН ЧАКЫРЫП БЕРҮҮДӨН БАШТАЛГАН
ЭМГЕК ЖОЛУНУН БАШТАЛЫШЫ
Юрий Левитан адегенде радио кызматкерлерине гезит, белгилүү дикторлорго кофе ташуу менен эмгек жолун баштаган. Түнкүсүн аймактык диалектисин жоюу үчүн адабияттын бардык жанрын катуу кыйкырып окуп, машыккан. Акырындык менен өзүнүн жөндөмүн өнүктүргөн жаш жигит кечки эфирде жаңылыктарды окуу мүмкүнчүлүгүн алган.
ЭМГЕК ЖОЛУН ӨЗГӨРТКӨН БИР ТҮН
Юрий адаттагыдай эле жаңылыктарды кунт коюп, ишенимдүү окуп жатып аны СССРдин эң башкы адамы угуп жатканын билген эмес. А Иосиф Сталиндин түнкүсүн радио угуу менен катар жумуш жасаган адаты болгону айтылат. Мындай үндү уккан Сталин ошол замат Радиокомитетке чалып, мындан ары партиянын съездиндеги өзүнүн докладын ушул үндүн ээси окусун деген буйрук берген. 5 саатка созулган бул тапшырманы Левитан эфирде бир да жаңылбай окуп, бир күндүн ичинде өлкөгө анын үнү таанымал болуп чыга келген.
СОГУШТУН ЖАНА ЖЕҢИШТИН ҮНҮ
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары - Левитандын эмгек жолундагы эң оор мезгил. Ал бул 5 жыл аралыгында эмгек өргүүсүз иштеп, фронттун үнүн элге жеткирип турган. Гитлердин Советтер Союзуна согуш жарыялагандыгы тууралуу жаңылыкты да ушул коңур үн калкка жеткирген. Улуу Ата Мекендик согуштагы радионун маанилүүлүгүн Гитлер Левитанды №1-душман эсептегени менен эле түшүндүрсө болот. Анын башы үчүн Гитлер өтө көп суммадагы акча сайып, атайын кызматтар артынан аӊчылык кылган. Ал эми Левитанды өӊүнөн саналуу гана адамдар тааныган. 1945-жылы Советтер Союзу Улуу жеңиш тууралуу кабарды кайрадан Левитандын оозунан уккан. Согуштан кийинки жылдары Левитан негизинен согуш, ардагерлер жөнүндөгү документалдык фильмдерде үн коштоп, иш-чараларды алып баруу менен алектенген.
ӨЛҮМҮ
Левитанды башкы диктор катары сыйлап, көптөгөн иш-чараларга чакырып турушкан. 1983-жылы аны өзүнүн кичи мекенине согуштун ардагерлери катышкан иш-чарага чакырышкан. Ден соолугунда көйгөй болуп жатканына карабай диктор ага барууну чечкен. Бирок ошол күнү күн катуу ысып, анын жүрөк оорусу кармап калган... Бул күнү СССР башкы дикторунан айрылган.
ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Юрий Левитан үй-бүлөсү менен 11 жыл жашаган. Анын жубайы үй-бүлөсүн таштап, башка күйөөгө турмушка чыккан. Ажырашуудан кийин Левитан өмүрүнүн аягына чейин үйлөнгөн эмес. Бирок аны жакшы көргөн кайненеси менен чогуу жашаган. Кийин аялынын колуна кеткен кызы Наталья бой жетип, атасы менен чоң энесинин үйүнө көчүп келген. Наталья атасы өлгөндөн 7 жылдан кийин киши колдуу болуп көз жумган. Натальянын өлүмүнө өзүнүн уулу Борис күнөөлүү деп шектелип келет.
4-августка карата жылнаама.
Левитандын Улуу Жеңишти кабарлаганы
