super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жапаров: "Укук коргоо органдары ишкерлердин укугун коргогондун ордуна бут тосуп жатат"

 

Өлкөдө ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлгөнү жатат. SUPER.KG порталынын "Инвесторлор менен ишкерлерди укук коргоо органдары коргошу керек эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берди.

Жапаров салык төлөөчүлөрдүн укуктары корголбой жатканын айтты.

"Салык төлөөчүлөрдүн укуктары жакшы корголбой жатат. Көп учурда укук коргоо органдары ишкерлердин укуктарын коргогондун ордуна аларга бут тосууда. Ошондуктан көп ишкерлер түздөн-түз укук коргоо органдарына, фискалдык органдарга акча төлөп, салыкты бюджетке төлөбөй жаткан учурлар кездешүүдө. Улуттук статистиканын маалыматы боюнча, 24-26 пайыз көмүскө экономика бар. Айрым эксперттер 40-50 пайызга чейин көмүскө экономика бар деп айтып жатышат. Ачык иштеген ишкерлердин укугун коргой турган жакшы механизм жок болуп жатат. Анан Бизнес-акыйкатчы институту жакшы же жаман иш алып бара турганы белгисиз. Акыйкатчы институту жылына бир жолу отчёт берет. Ошого жараша чаралар көрүлөт. Аталган институттун туура эмес иш жасагандарды жумуштан бошотууга дагы укугу бар. Мындай институт түзүлсө ишкерлеге шарт түзүлүп жатканы боюнча баа берилмек. Эгерде өкмөт аталган институтту түзүүгө кызыкдар болсо, мен эки колдоп колдомокмун", - деди Жапаров.

Мурунку акыйкатчылар Турсунбай Бакир уулу, Бактыбек Аманбаев, мурунку премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов, ишкер Эмил Үмөталиев, экономика боюнча эксперт Руслан Акматбеков, жарандык активист Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: