super.kg logo

ИИМдин академиясынын курсанттары сууга чөгүп бараткан 9 жаштагы баланы куткарып калышты

 

ИИМдин академиясынын курсанттары сууга чөгүп бараткан 9 жаштагы баланы куткарып калышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта болжол менен саат 16:00дө курсанттар жолдон өтүп бара жатып баланын жардам сурап кыйкырган үнүн угушкан.

"2-курстун курсанттары Ислам Алымкулов жана Дастан Артыкбаев Аламүдүн-1 кичи районундагы каналда чөгүп бараткан баланы куткарып калышты. Алар каналдын жанынан өтүп баратып баланын жардам сурап кыйкырганын угушкан. Үн чыккан жактан суунун күчтүү агымы агызып бараткан баланы көрүп, жардамга келишкен.

Бул учурда ИИМдин 102 номерине каналда агып бараткан бала тууралуу чалуу келет. Окуя болгон жерге келген Бишкек ШИИБинин кызматкерлери ага чейин куткарылган 9 жаштагы Рахат аттуу өспүрүмдү жакын аралыктагы ооруканага жеткиришкен. Балага медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.08.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Молодоцтер
03.08.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодоцтер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: